Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Орусиядан келе турган грант Ошко жумшалат


Орусиядан келе турган 30 миллион доллар грант толугу менен Ош шаарынын жана облустун инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ош жана Жалал-Абад облустарындагы иш сапары учурунда билдирди.

261 млн сом шаардын энергетика системасын оңдоого бөлүнсө, 135 млн сомуна жаңы подстанцияларды куруу пландалган. Ошондой эле Кен-Сай массивиндеги жаңы конуштарга 393 млн жана Барак айылынан Ошко көчүп келгендерге 155 млн сом каражат алардын инфраструктурасын жакшыртууга каралган. Ал эми Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн 25 млн доллар Ош шаарынын таза суу тармагын жакшыртууга жумшалат.

Өкмөт башчынын иш сапары бүгүн Токтогул районунда уланууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG