Бажы биримдигине киргенде Кыргызстан үчүн 170 миллион калкы бар соода мейкиндиги ачылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Ал 2015-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан бул уюмга мүчө болорун эскертти.
Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Бажы биримдигинин негизинде быйыл жазында Евразия экономикалык биримдиги түзүлгөн. Уюм 1-январдан тарта расмий иштей баштамакчы. Москва мурдагы советтик республикаларга кысым жасап, биримдикке кирүүгө үгүттөп келет. Орусия ал келечекте Еврошаркеттин моделине айланарын ырастоодо.
Айрым кыргызстандык жарандык активисттер өкмөттү бул уюмга кирбөөгө үндөп, баалар кескин жогорулап кетсе эл кыйналарын айтып келет. (RK)