Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Учак кырсыгынан ажал тапкандар арасында кыргызстандыктар жок


Голландиядан Малайзияга учуп баратып Украинанын үстүнөн атып түшүрүлгөн учактын ичинде кыргызстандыктар болгон эмес. Бүгүн "Малайзия аба жолдорунун" расмий сайтында курман болгон 298 адамдын жарандыгы тууралуу маалымат жарыяланды. Бир да жүргүнчүсү аман калбаган Боинг-777 учагындагы 192 киши голландиялык, 44 малайзиялык, 27 австралиялык, 12 индонезиялык, 10 британиялык экени аныкталды. Дагы төртөө немис, төртөө белгиялык, үчөө филиппин, бирөө канадалык жана дагы бирөө Жаңы Зеландиядан болгон.

Украинанын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 186 сөөк табылды. Би-Би-Синин билдиргенине караганда, калган сөөктөр учактын урандыларынын арасында ачык бойдон жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG