Облус аймагында соңку алты айда “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик уюмунун идеяларын камтыган 1681 далил буюм алынган. Мындай маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы таратты.
Аталган уюмдун мүчөсү деген шек менен кармалган адамдардан алынган электрондук адабияттар жана электрондук жабдуулар: компьютер, планшет, флешка, видеокассеталар мурдагы жылдарга салыштырмалуу көп экени аныкталган.
Облуста диний экстремизмге байланышкан 51 фактынын 27сине кылмыш иши козголгон. Учурда облус аймагында “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик уюмунун идеясын жайылткан 523 жаран каттоодо турат. Андан тышкары Вахабизм агымынын идеясын колдогон 3 атуул катталган. (YA/UEz)