Израил армиясы Газадагы согушкерлер топтолгон деп шектелген жайларды кайрадан бутага алды. Палестинанын медицина өкүлдөрү чабуулдан 87 адам өлгөнүн билдирүүдө. Израил жана “Хамас” уюму жекшембиде эки сааттык гуманитардык тыныгуу, ок атышууну токтотууну макулдашышкан, бирок андан бир нече мүнөт өтпөй аскердик эрегиш кайра улантылды. Израилдин премьери Беньямин Нетаньяху анын өлкөсү аскердик аракеттерди өз аймагына урдурулган ракеталык чабуулдардан улам баштоого аргасыз экенин кайталады. Израил армиясы бардыгы 18 аскерин жоготконун билдирди. Палестина тараптын өкүлдөрү Газа тилкесинде өлгөндөрдүн сөөгү көчөлөрдө жатканын, чабуул улантылып жаткандыктан аларды алып кетүү кыйындыгын айтышууда.