Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Пан Ги Мун Газадагы салгылашууну “жырткычтардын жоругуна” окшоштурду


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун 20-июль күнү Газа тилкесинде дагы ондогон палестиналыктын өмүрүн кыйган салгылашууну “жырткычтардын жоругу” деп баалады. Баш катчы эки аптадан бери уланып жаткан согушту тезинен токтотууга чакырды.

Кечээ, жекшембиде Израил армиясы Газадагы согушкерлер топтолгон деп шектелген жайларды кайрадан бутага алды. Палестинанын медицина өкүлдөрү чабуулдан 60тан ашуун адам өлгөнүн билдирди. Израил армиясы 13 аскерин жоготконун кабарлады.

Газа тилкесинде "Хамас" уюму менен Израил армиясынын салгылашуулары эки жумадан бери уланып жатат. Бул апаатта 400дөн ашуун адам мерт кетти. Жүздөгөн киши жараат алды. Көпчүлүгү палестиналык жай тургундар.

XS
SM
MD
LG