Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Куудул Жаныбек Алыкуловдун сөөгү бүгүн жерге берилет


54 жашында дүйнө салган белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун сөөгү бүгүн Бишкектин Ала-Тоо конушунда жерге берилет. Коштошуу зыйнаты саат 10:00дө башталат.

Куудул, ырчы, пародист, коомчулукка "Шорпо" деген ат менен таанымал болгон Жаныбек Алыкулов 20-июлда оорудан улам көз жумду. Жакындарынын айтымында, ал кант диабети менен ооруп жүргөн жана акыркы 3 күн эсине келе албай жаткан.

Маркум 1960-жылы Жалал-Абаддын Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында туулган. Артында 4 уул, 2 кызы калды. Ал 1981-жылдан бери сахнадан түшпөй, чыгармачылык менен алектенип келген, бирок эч кандай мамлекеттик сыйлыкка илинген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG