Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Ысык-Көлдөгү тик учак кырсыгына аба ырайы себеп болгон


Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган орган түзгөн атайын комиссия окуя болгон жерге барып, анын себептерин иликтеди. Алгачкы жыйынтыкка ылайык, тик учак катаал аба ырайынан улам кырсыкка учураган.

Коргоо министрлигине таандык МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак 18-июлда Ысык-Көлдүн Түндүк Эңилчек аймагында акырегин сындырып алган орусиялык туристти куткаруу үчүн барган. Бирок конуп жатканда катуу шамалдан улам кырсыкка учураган. Учурда 48 жаштагы альпинист Бишкекте ооруканада дарыланууда. Ал эми учкучтар Бишкектеги Аскердик госпиталда текшерүүдөн өтүп жатат.

Буга чейин Башкы штабдан кырсыкка учураган швейцариялык альпинист экенин кабарлашкан болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG