Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттады


Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айдын башынан бери баа 3-7% көтөрүлдү. Башкача айтканда, күйүүчү май литрине 1 сом 50 тыйындан 2 сом 90 тыйынга чейин өстү.

Муну, Куловдун белгилешинче, Орусиядагы Ачин мунайды кайра иштетүүчү заводундагы жарылуу, Ирактагы соңку абал, Казакстандан 500гө чукул вагон күйүүчү майдын келбей жатышы жана Кыргызстанда бензинге болгон акциз салыгынын жогорулашы шарттады.

Куловдун айтымында, азырынча күйүүчү майга баа канча пайыз өсө турганы боюнча так анализ чыгарыла элек. Учурда Кыргызстанда күйүүчү майдын 80 миң тонна запасы бар. Бул бир айлык керектөөгө жетет.

Ошондой эле ассоциация өкүлдөрү күзгү оруп жыйноо өнөктүгүндө күйүүчү май таңкыстыгы болбойт деп ишендиришти.

Ушул күндөрү бензин жана керосин түрүнө карай Бишкекте 37 сомдон 50 сомго чейинки баада сатылууда. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG