Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

Нидерланд эксперттери учак кыйраган жерге барууга үмүттөнүүдө


Куралдуу козголоңчулар сөөк жүктөлгөн вагондорду кайтарып турат. 20-июль, 2014-жыл.
Куралдуу козголоңчулар сөөк жүктөлгөн вагондорду кайтарып турат. 20-июль, 2014-жыл.

Бул тууралуу малайзиялык учактын кыйроосунан 192 жаранын жоготкон Нидерланд өлкөсүнүн премьер-министри Марк Рютте билдирди.

Анын айтымында, азыр Нидерланд үчүн эң башкысы - сөөктөрдү алып келүү. Эксперттер аларды аныктоого жардам бермекчи.

Украин тараптын кечээги маалыматына караганда, учак кыйраган жерден 251 кишинин сөөгү табылды. Андан башка айрым бөлүктөрү табылган сөөктөр да бар.

Украин бийликтери сөөктөр Харьков шаарындагы лабораторияга жеткирилерин билдирүүдө.

Учак кыйраганына бүгүн төртүнчү күнгө аяк басса да орусиячыл жикчилердин тоскоолдугунан улам эл аралык иликтөөчүлөр окуя болгон аймакты кең-кесири карай алышкан жок.

БУУнун Коопсуздук кеңеши бүгүн Австралия, Франция, Литва сунуш кылган резолюция долбоорун колго салары күтүлүүдө. Анда учак кыйраган аймакты текшерүүгө толук мүмкүнчүлүк берүү жана көз карандысыз иликтөө жүргүзүү чакырыгы айтылмакчы.

Малазиялык учактан Украина аймагында кыйроосунан 298 адамдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG