Тажик ички иштер министрлиги билдиргендей, өлкө батышындагы Турсунзаде шаарында жайгашкан алюминий заводу – ТАЛКОдо теракт жасоону мерчемдеген деп шектелген алты кишинин кылмыш иши Жогорку Сотко жөнөтүлдү.
Кылмышка шектүүлөр камалганын тажик бийликтери апрель айында жарыялашкан болчу.
ТАЛКОнун атын атабаган кызматкеринин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик редакциясына айтканына караганда, кылмышка шектүүлөрдүн төртөө заводдун өзүндө иштегендер.
Он миңдей адам эмгектенген ТАЛКО – Тажикстандын көзгө басар заводу. Алюминий өндүргөн заводдун ишин президент Эмомали Рахмон өзү көзөмөлдөрү айтылып жүрөт. (UE)