54 жашында дүйнө салган белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун сөөгү бүгүн жерге берилди. Куудул, ырчы, пародист, коомчулукка "Шорпо" деген ат менен таанымал болгон Жаныбек Алыкулов 20-июлда оорудан улам көз жумган. Жакындарынын айтымында, ал кант диабети менен ооруп жүргөн жана акыркы 3 күн эсине келе албай жаткан.
Маркум 1960-жылы Жалал-Абаддын Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында туулган. Артында 4 уул, 2 кызы калды.