Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Мухтар Өмүракуновду эскерүүгө арналган шахмат мелдеши өтүүдө


Бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында коомдук ишмер, “Замандаш” ассоциациясынын негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновду эскерүүгө арналган эл аралык шахмат мелдеши уланып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” мелдештин башкы калысы Ислам Байсынов маалымдады.

Турнир 19-июлда Мухтар Өмүракуновдун туулган күнүндө башталып, акыл таймаштарына Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстандан жүздөн ашуун шахматчы катышууда. Мелдештин жеңүүчүлөрү 28-июлда аныкталат. Быйыл үчүнчү ирет өткөрүлүп, жыл өткөн сайын анын деңгээли жогорулап баратканын адистер айтууда.

20-июлда өлкө аймагында бүткүл дүйнөлүк шахмат күнү белгиленди. Бишкекте өткөн мелдешке алтымыштан ашуун шахматчы катышты. Эркектердин акыл таймашында эл аралык спорт чебери Михаил Марков баш байгенин ээси болду. Жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин экинчи орунду ээледи.

Айымдардан өлкөнүн көп жолку чемпиону Ирина Острий биринчи орунду камсыз кылды. Айжаркын Шынгыз кызы экинчи болду.

Ардагерлерден таластык Майрамбек Жусупов, окуучулардан 10 жаштагы Айтегин Акматбеков мелдештин жеңүүчүлөрү аталды. Байгелүү орундарды ээлегендерге шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов акчалай сыйлыктарды тапшырды. (КМа)

XS
SM
MD
LG