Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Орусияда фехтование боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө


Бүгүн, 21-июлда Орусиянын Казан шаарында фехтование боюнча дүйнө чемпионаты уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев билдирди. Жеке таймаштарда өлкө намысын шпага мелдештеринде Евгений Наумкин, Александр Черных, Михаил Иванов жана Роман Петров коргоп жатат.

178 атаандаштан Роман Петров 25-орунга илинди. Евгений Наумкин менен Михаил Иванов жоон ортодо келатат. Кыз-келиндердин шпага таймаштарында 131 спортчудан кыргызстандык Вероника Соловьева 61-орунда келүүдө. Ал эми командалык биринчилик 22-июлда башталып, 24-июлда жыйынтыкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG