Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Триполи аэропортундагы уруш уланууда


Ливиянын саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, атаандаш согушкерлердин акыркы бир сутка ичиндеги атышууларынан 47 кишинин өмүрү кыйылып, 120сы жаракат алды.

Уруш Ливия борбору –Триполидеги эл аралык аэропорттун айланасында жүрүүдө. Кабарларга караганда, согушкерлер кадимки жана учакка каршы колдонуучу зениттик ракеталарды да колдонууда.

Триполидеги тиреш 2011- жылы Муаммар Каддафи бийликтен кулагандан берки эң ири уруш катары бааланууда.

Ливия өкмөтү мурдагы козголоңчулардын андан бери өлкөдө саясий жана экономикалык бийликти талашкан топтору үстүнөн көзөмөл орното албай жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG