Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Газа секторунун ооруканасы аткыланды


Газа шаарынын бүгүнкү көрүнүшү. 21-июль, 2014-жыл.
Газа шаарынын бүгүнкү көрүнүшү. 21-июль, 2014-жыл.

Палестин тарап билдиргендей, ооруканада төрт адам өлүп, алтымыштай киши жаракат алды. Жарадар болгондордун жарымы дарыгерлер.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Ашраф ал-Кидранын айтымында, Газа секторунун борборунда “ал-Акса шейиттери” деп аталган оорукананын административдик имаратына, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүнө кеминде 12 снаряд тийген.

Мунун алдында палестин тарап Газа секторундагы кыянатчылыктарда өмүрү кыйылгандардын саны 500дөн ашканын билдирди. Алардын 268си Израил 17-июлда кургакта аскерий операция баштагандан кийин мерт болду.

Ал эми Израил уруш башталгандан бери 20дай аскерин жана тургунун жоготту. Дүйшөмбүдө жөөт коргоо министри Моше Яалон мындай деди:

- Биз операцияны канча талап кылынса, ошончо улантууга даярбыз. Газада тынчтыкка жетишүү үчүн талап кылынса биз резервден кошумча күчтөрдү чакырууга даярбыз.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Газада ок атышууну тезинен токтотууга чакырды. Кеңештин чукул жыйыны алдында БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Газа секторунда Израилдин артиллериялык аткылоолорунан ондогон палестиндердин өмүрү кыйылганын "ырайымсыздык" деп атаган эле.

Израил Газадагы операциясын ХАМАС исламчыл кыймылынын ракета атууларынан коргонуу чарасы деп түшүндүрүүдө.

Газа секторундагы кризисти талкуулоо үчүн бүгүн АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Каирде Египеттин бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнү жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG