Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Обама Орусияны Украинадагы жикчилерге таасир көргөзүүгө чакырды


АКШ президенти дүйшөмбүдө Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө орусиячыл жикчилердин малайзиялык учак кыйраган жерге эл аралык иликтөөчүлөрдүн баруусуна тоскоолдук кылуусун токтотууга Москваны көмөктөшүүгө чакырды.

“Орусия жана өзгөчө президент Путин аларды тергөө менен кызматташууга ынандыруу үчүн тикелей жоопкер”, - деди Обама.

АКШ президенти козголоңчулар жана Орусия эл аралык иликтөөчүлөрдүн коопсуздугу үчүн да жоопкер экендигин айтты.

Обама козголоңчуларды учак кыйраган жерден далилдерди жок кылып жатканы үчүн да айыптап, “алар эмнени жашырууга аракеттенүүдө деген суроо жаралат”,- деп белгиледи.

Обама Орусия Украинадагы жикчилдерди колдоону уланта берсе, кесепети кандай болорун так айткан жок. Бирок Орусиянын “жүрүм-турумунун куну өсө берерин” эскертти. (UE)

XS
SM
MD
LG