Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Газа тилкесиндеги салгылашууда бир түндө жети аскер өлдү


Израил армиясы Газа тилкесинде ХАМАС уюмуна каршы жүргүзгөн операцияда дүйшөмбү күнү жети жөөт аскери набыт болду.

Палестин тарап Газа секторундагы апаатта өмүрү кыйылгандардын саны 500дөн ашканын билдирди. Ал эми Израил уруш башталгандан бери 20дай аскерин жана тургунун жоготту.

Израил Газадагы операциясын ХАМАС исламчыл кыймылынын ракета атууларынан коргонуу чарасы деп түшүндүрүүдө.

Газа секторундагы кризисти талкуулоо үчүн кечээ АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Каирге Египеттин бийликтери менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн келген. Шаршембиде БУУнун адам укуктары боюнча кеңеши да чукул жыйынга чогулат. (SE)

XS
SM
MD
LG