Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Бүгүн Келдибековдун иши боюнча кезектеги сот отуруму болот


Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн Акматбек Келдибековго байланыштуу ишти кароону улантат. Буга чейин депутаттын ден соолугуна байланышту сот отуруму эки жолу жылдырылган.

Келдибековдун адвокаты Азимбек Бекназаров соттолуучунун саламаттыгы начарлап, бешинчи операцияга даярданып жатканын билдирген.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков камалгандан бери колу жана бутунан төрт жолу операция болду. Ал коррупция боюнча айыпталып, өткөн жылы ноябрда кармалган, бирок өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG