Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

Токтонасыров казак элчилигинин жанына пикетке чыгат


Үч айдан бери Казакстандын бажы бекетинде 30 миң тоннага жакын күйүүчү май Кыргызстанга өткөрүлбөй тургандыгына байланыштуу жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги казак элчилигинин жанына пикетке чыгат.

Күйүүчү майды бажы бекетинде кармап турууну каракчылыкка теңеген Токтонасыров акция учурунда бетине кара беткап кийип аларын "Азаттыкка" билдирди.

Апрелден бери өткөрүлбөй турган вагондор боюнча 12-июлда кыргыз-казак өкмөт башчылары жолукканда сүйлөшкөн, бирок маселе чечилген эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG