Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:06

Кыргызстанга кызыккан кытай инвесторлору Сарпашев менен жолугат


Бүгүн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Кыргызстан менен кызматташууну каалаган кытайлык инвесторлор менен жолугат. Сүйлөшүүлөр өкмөт үйүндө болот. Алар буга чейин Кыргызстанда ишмердик жүргүзө элек кытай ишкерлери экенин “Азаттыкка” өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Инвесторлор кайсы багыттарда кызматташары жана алардын талаптары бүгүнкү жолугушуунун алкагында маалым болот.

Учурда Кыргызстанда ондогон Кытай компаниялары иш жүргүзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG