Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Түлеевдин соту эртең уланмай болду


Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин соту Бишкек шаардык сотунда 23-июлда уланат. Бүгүнкүгө белгиленген жараянга Түлеев менен бирге айыпталып жаткан мэрия кызматкерлеринин биринин адвокаты келбей, сот отуруму болбой калды.

Бишкектин мурдагы мэри, оппозициядагы депутат Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Бирок депутат ага макул болбой, шаардык сотко арызданган. Учурда Түлеевдин арызы ошол жакта каралууда. Өзү УКМКнын тергөө абагында жатат. (BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG