Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Баткен: Чек арадагы айланма жолдун курулушу августка чейин башталат


Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, 10-июлдагы чек ара жаңжалынан кийин Тажикстандын расмий өкүлдөрү жолдун курулушун баштабай турууга эки апта мөөнөт сураган. Бул мөөнөт аягына чыгып калды. Эми кыргыз өкмөтү августка калтырбай курулушту баштаганы жатат:

- Чек арада абал турукташты. Жергиликтүү тургундар жолду баштоону суранып жатат. Биз Транспорт министрлиги менен кеңешип жолдун курулушун жакынкы күндөрү баштайбыз. Ал эми тажик тараптын каршылык көрсөтүүгө укугу жок. Анткени жол биздин аймакта салынып жатат, - деди Искандаров.

Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтчү, жалпы узундугу 25 чакырымдай бул жолдун курулушу былтыр апрель айында башталган. Бирок тажик тараптын ага каршы болушунан былтыр 27-апрелде, быйыл 11-январда жаңжал чыккан. Ай башында эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү жолугуп, курулушту 10-июлдан тарта жандантуу боюнча протоколго кол коюлган. Бирок 10-июлда Тамдык айылында кайрадан куралдуу кагылыш тутанып, курулуш уланбай калган. (BkA)

XS
SM
MD
LG