Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

Башкы штаб: Кырсыкка учураган тик учакты ордуна алып келүү мүмкүн эмес


Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчи орун басары Ильяз Субанкулов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кырсыкка учураган тик учакты табигый шарттардан улам алып келүү мүмкүн эмес. Субанкулов кошумчалагандай, тик учактын баасы 19 миллион долларды түзчү. Учурда кырсыктын себептерин иликтөө уланууда. Алдын ала айтылгандай, окуяга катаал аба ырайы себеп болгон.

Коргоо министрлигине таандык МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак 18-июлда Ысык-Көлдүн Түндүк Эңилчек аймагында акырегин сындырып алган орусиялык туристти куткаруу үчүн барган. Бирок конуп жатканда катуу шамалдан улам кырсыкка учураган. Учурда 48 жаштагы альпинист Бишкекте ооруканада дарыланууда. Ал эми учкучтар Аскердик госпиталда текшерүүдөн өтүп жатат.

Башкы штабдын маалыматында, кырсыкка учурагандан тышкары анын карамагында төрт тик учак бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG