Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Газада Израилдин авиачабуулунан дагы жети адам өлдү


Израил авиациясы 22-июлда таң эрте Газа тилкесине урган соккудан 7 адам өлдү. Палестин бийлигинин маалымдашынча, курман болгондордун бешөө бир үй-бүлөдөн. Муну менен 8-июлдан бери Израилдин жапырыгынан өлгөндөрдүн саны 500дөн ашты. Алардын көбү, палестин өкмөтүнүн кабарлашынча, карапайым жарандар.

Уруш башталгандан тарта Израил эки жай тургунунан жана 27 солдатынан ажырады. Аскерий операция ХАМАС кыймылынын башкаруусундагы аймактан Израилге ракета атууну токтотуу максатында башталган. Премьер-министр Бинямин Нетаняху 21-июлда NBC телеканалына берген интервьюда жарандардын өлгөнүнө өкүнүчүн айтып:

- Биз өзүбүздү коргошубуз керек. Биз муну болушунча аз аскер колдонуп же аскерий буталарга болушунча таамай сокку уруп жасоодобуз. Өзүбүздү коргоо үчүн аракеттенебиз. Бир да өлкө минтип жашай албайт, - деди.

БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун жана АКШ Мамкатчысы Жон Керри 21-июлда кездешип, чатакты дипломаттык жол менен токтотууну сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG