Кабылда автомобилчен жанкечти жардырган бомбадан үч чет элдик жана алардын ооган котормочусу курман болду. Чет элдиктер кайдан экени айтыла элек. Ооганстандын ички иштер министринин найыбы, генерал Мухаммед Аюб Салангинин билдиришинче, жанкечти бомбаны Кабыл аэропортунун ныптасындагы чет элдик кеңешчилер жашачу турак жай комплексинин дарбазасынын түбүндө жардырган. 22-июлдагы чабуулдан дагы алты киши жарадар болду.
Бул комплексти мыкты куралданган полиция жана солдаттар кайтарат.
Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид чабуулду алар уюштурганын билдирди.
Согушкерлер бүгүн Кабылдын эл аралык аэропортун ракетадан да аткылап, зыян келтиргени маалымдалды.