Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Техас Мексика менен чек арага 1 миң аскер жайгаштырат


АКШнын түштүгүндөгү Техас штатынын губернатору Мексика менен чек арага Техастын улуттук гвардиясынын 1 миң жоокерин жайгаштырат. Губернатор Рик Перринин айтымында, аскерлер Мексикадан мигрант балдардын өтүүсүн чектөөгө тийиш. 26 млн калктуу Техас АКШнын экинчи чоң штаты, аянты 696 200 чарчы чакырым.

Вашингтондун маалымдашынча, өткөн октябрдан бери АКШга 57 миңге жакын бала кирген. Алардын көбү Техаста калган. Перри мындай планын президент Барак Обама Гондурас, Гватемала жана Салвадордун президенттери менен кездешкени жатканда жарыялады. 25-июлда болчу кездешүүдө Ортолук Америкадан балдардын миграциясын токтотуудагы өз ара кызматташуу маселеси талкууланат.

XS
SM
MD
LG