Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Түркияда полициянын 76 даражалуу офицери камакка алынды


Өлкөнүн 22 провинциясында камакка алынган полициячылар мурдагы төрт министр менен алардын туугандарынын коррупциялык иштерин иликтөөгө байланыштуу кармалды. Офицерлердин көбү кызматтан жыл башында четтетилгендер. Алардын арасында Стамбул полициясынын антитеррордук башкармалыгынын мурдагы башчысы Омер Көсе да бар.

Өкмөттүк медиабулактардын кабарлашынча, полициячылар мыйзамсыз банда түзгөн, телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшаган жана жалган документтерди жасаган деп шектелүүдө.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган бир нече министрди кызматтан кетирген коррупциялык чатактын артында турат деп АКШда жашаган байистүү диниятчы Фетхулла Гүлендин түрдүү мекемелердеги, анын ичинде полициядагы тарапкерлерин күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG