Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Эки жүз чамалуу альпинист тоодон түшө албай жүргөнү айтылууда


Кыргызстандын тоолорунда ушул тапта түрдүү өлкөлөрдөн келген 200 чамалуу альпинист кармалып турат. Алар куткаруучу тик учактын жоктугунан жерге түшө албай жатканын Туроператорлор бирикмесинен кабарлашты. Бийиктикте калган альпинисттер негизинен Тянь-Шань тоо кыркаларына саякат жасап жүргөн туристтер.

Кыргызстанга келген альпинисттерди Коргоо министрлигинин карамагындагы тик учактар келишимдик негизде тейлейт. 18-июлда Ысык-Көлдө чет элдик туристти куткарганы барган тик учак катуу шамалдан улам кулап түшкөндөн бери мекеме альпинисттерге кызмат көрсөтүүгө тыюу салып койгону кабарланууда. Бирок бул маалыматты министрликтин Башкы штабындагылар тастыктаган да, четке каккан да жок.

Туроператорлор бирикмесинен кабарлашкандай, учурда Кыргызстандын түрдүү аймактарында 800дөй чет элдик альпинист саякаттап жүрөт. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG