“Боинг-777” учагында мерт кеткен 200гө жакын голландиялык жарандын элесине бүгүн өлкөдө аза күтүү күнү жарыяланды. Бул тууралуу премьер-министр Марк Рютте билдирди:
- Уруп түшүрүлгөн авиалайнерде каза тапкан голландиялыктардын сөөгү 23-июлдан тарта мекенине алып келинет. Кырсыкта кайтыш болгондорду бүгүн бүт өлкө кайгыруу менен эскерет.
Авикырсыкта апаат кеткен 298 адамдын 193ү голландиялыктар болгон. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары окуяны иликтөөгө 200дөн ашуун орган өкүлдөрү киришкенин билдирди. Соңку маалыматтарга карагандай, учурда 282 кишинин сөөгү табылган.
Украин өкмөтү жана Батыш өлкөлөрү учак орусиячыл жикчилер тарабынан ракета менен атып түшүрүлгөн деген ишенимде турушат. Кыйраган учактын “кара кутусундагы” маалыматтар Британияда текшерилери 22-июлда кабарланган. (SE)