Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Ошто начар уккан балдар мектебинде эмгек лагери уюштурулду


Кара-Суу районундагы начар уккан балдардын жатак мектебинде ыктыярчылардын эмгек лагери уюштурулду. 21-26-июлга белгиленген беш күндүк лагердин алкагында жаш активисттер мектеп окуучулары үчүн оюн аянтчасын куруп беришет. Бул тууралуу долбоорду ишке ашырып жаткан Youth of Osh коомдук бирикмесинен кабарлашты. Каржылык көмөктү USAID уюмунун колдоосу менен Эл аралык жаштар фондунун Jasa.kg программасы көрсөтүп жатат.

Эмгек лагерине Жаш ыктыярчылар клубунан 21 улан-кыз тартылган. Ушундай эле долбоор өткөн жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Алма айылындагы балдар лагеринде өткөрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG