Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Путин мыйзамсыз көчө акциялары үчүн жазаны күчөттү


Орус президенти Владимир Путин көчөдө акция уюштуруу тартибин бузгандарга айыппул өлчөмүн жогорулатуу боюнча мыйзамга кол койду.

Кремлдин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, алты ай аралыгында көчөдө нааразылык акциясын өткөрүү боюнча белгиленген тартипти эки ирет же андан көп бузгандар 600 миңден 1 миллион рублге чейин айыпка жыгылат. Ага баш ийбегендер беш жылга камалышы да мүмкүн.

Мыйзам “массалык башаламандыктарды болтурбоо жана алдын алуу” максатында кабыл алынганы айтылды. (SE)

XS
SM
MD
LG