Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Бишкекте электрге туташуу үчүн арыз кабыл алуу токтотулду


Бишкек шаарында электрге жаңы туташуу үчүн арыз кабыл алуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн шаардык архитектура башкармалыгынан кабарлашты.

Соңку кезде шаарда кабат үйлөр көп салынып, электрге жаңы туташкандар да арбын болууда. Бирок, адистердин айтымында, Бишкекке берилүүчү кубаттуулук андай көлөмгө эсептелген эмес. Мунун өзү кышында электр системасынын иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген кооптонууну жаратууда.

Бүгүнкү күндө шаарда эки жүзгө жакын жаңы объект курулуп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG