Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Оторбаев Монголия сапары боюнча түшүндүрмө берди


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып, Монголияга сапары боюнча түшүндүрмө берди. Айтымында, ал Монголияда төрт күн жүрдү. Бир күнүн расмий сапар катары, ал эми калган үч күнүн эс алуу эсебинен өткөргөн. Премьер-министр Улан-Баторго “Түрк аба жолдору” компаниясынын учагы менен барганын, ал жактан рейс 2 же 4 күндө бир болгонуна байланыштуу кармалып калганын билдирди. Ошол эле учурда инвестиция тартуу боюнча бир катар жолугушууларды өткөргөнүн кабарлаган Оторбаев сапарын "жемиштүү болду" деп баалады.

Өкмөттүн маалымат кызматы 8-июлда премьер-министр Монголияга бир күнгө кеткенин расмий жарыялаган. Бирок ал жакта 4 күн жүргөнү белгилүү болгон. Ошол учурда өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Төралиева Оторбаев Кыргызстанда экенин «Азаттыкка» айткан болчу. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG