Кыргызстан чемпионатынын Топ-лигасындагы командалары эс алууга чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Канат Асенов маалымдады.
Чемпионаттын тыныгуу алдындагы акыркы оюну Бишкектин "Манас" жана Ош шаарынын "Алай" командаларынын ортосунда болуп, 5:1 эсебинде оштук футболчулар утту.
Былтыркы жылдан бери Топ-лига чемпионатынын түзүмү өзгөртүлгөн. Эми ал эки этаптан турат. Биринчисинде сегиз команда ич ара алдыңкы төрт орун үчүн ат салышат. Мыкты төрт команда ич ара эки айлампа ойноп, жыйынтыгында өлкө чемпиону аныкталат. Калган командалар 5-8-орундар үчүн күч сынашат.
Жаңыланган турнирдик жадыбалга ылайык, учурда өлкөнүн 8 жолку чемпиону Бишкектин "Дордой" клубу 37 упайы менен биринчи катарда турат. Канттын "Абдыш-Ата" командасы 33 упайы менен экинчи, Оштун "Алайы" 28 упайы менен үчүнчү орунда келатат. Бишкектин "Алга" клубу 27 упайы менен экинчи айлампага илинди. Экинчи этаптын оюндары октябрда улантылат. Былтыр Ош шаарынын “Алай” командасы өлкө чемпиону аталган. (КМа)