Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:34

Көлдө чет өлкөлүк жаранга кол салуу болду


22-июль күнү түшкө маал көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында Нигерия мамлекетинин жараны белгисиз куралдан ок жеди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Жараат алган жаран Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага кайрылган. Ал жерден маалымат жергиликтүү милицияга түшкөн.

Учурда жараат алган чет өлкөлүк жаран Бишкек шаарында ооруканада жатат. Ага ким кол салганы азырынча белгисиз. Жергиликтүү милиция окуя боюнча Кылмыш кодексинин 234-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иш козгоду. (MK)

XS
SM
MD
LG