Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Евробиримдик министрлери Орусияга санкцияны кеңейтүүнү колдоду


"Рейтер" агенттигинин кабарына караганда, Еврошаркеттин тышкы иштер министрлеринин отурумунда орусиялыктардын Европанын капитал базарына киришин, коргонуу жана энергия технологияларын сатып алышын чектөө маселеси биринчи жолу көтөрүлдү.

Ошондой эле санкция колдонулуучу орусиялыктардын тизмесин кеңейтүү жагы чечилди. Еврошаркеттин өкүлдөрү кеңейтилген тизмени бейшемби күнү талкуулаганы жатат.

Еврошаркет Орусияга каршы санкциялардын үчүнчү толкуну тууралуу Украинанын орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймагында малайзиялык жүргүнчү учак кыйрагандан кийин айтууда.

Украина жана Батыш өлкөлөрүнүн бийликтери учакты жикчилер атып түшүрдү деген ишенимде турат. (UE)

XS
SM
MD
LG