Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын мурдагы жетекчилери азыр ээлеген кызматтарынан бошотулат. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик дирекциянын иши боюнча Эсеп палатасы кайра текшерүү жүргүзүп жатат.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны түзгөн Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракцияларынын лидерлери Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев менен бирге жетекчилик кызматтарда иштеген жарандар бүгүн да жооптуу орундарды аркалап жатканына тынчсыздануу билдирген. Фракция лидерлери Сатыбалдиевдин орун басары болуп эмгектенген Жусупжан Жээнбеков өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү, Кадаңбай Бактыгулов өкмөт аппаратынын жетекчи орун басары, Молдобазар Эркебаев Каржы министрлигинин баалуу металлдар департаментинин башчысы болум эмгектенип жатканын айтып, премьер-министрди аларды кызматтан алууга чакырган.
Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн эле. Ал коогада жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Бирок дирекция бир катар мыйзамсыз иштерге жол бергени айтылып, бул боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия өз корутундусунда дирекция бир катар финансылык мыйзам бузууларга жол берип, курулуш иштерин сапатсыз жүргүзгөнүн айтып чыккан. Мындан соң мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кызматтан кеткен. (BkA)