Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Жээнбеков: Коалициянын айыптоосу негизсиз


Көпчүлүк коалициянын Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын мурдагы жетекчилерине койгон дооматы негизсиз. Мындай пикирин “Азаттыкка” аталган дирекциянын мурдагы жетекчи орун басары, учурда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, дирекциядагы кызматында эч кандай мыйзам бузууга жол берген эмес.

- Коалициянын көтөрүп чыкканын түшүнбөй жатам. Кимдир бирөө кызматтан ал деп эле жумуштан кетире бергендей биз оюнчук эмеспиз. Бул үчүн мени кызматтан алат деп азыр ойлонгон да жокмун, - деди Жээнбеков.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны түзгөн Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракцияларынын лидерлери мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясын башкарып турганда аны менен кошо жетекчилик кызматта иштеген жарандар бүгүн да жооптуу орундарды аркалап жатканына тынчсыздануу билдирген.

Фракция лидерлери Сатыбалдиевдин орун басары болуп эмгектенген Жусупжан Жээнбеков өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү, Кадаңбай Бактыгулов өкмөт аппаратынын жетекчи орун басары, Молдобазар Эркебаев Каржы министрлигинин баалуу металлдар департаментинин башчысы болуп эмгектенип жатканын айтып, премьер-министрди аларды кызматтан алууга чакырган.

Бүгүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул адамдар кызматтан алынарын айткан. Көп өтпөй Кадаңбай Бактыгулов иштен кеткенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Сатыбалдиев премьерлик кызматтан кетээр алдында парламентте атайын комиссия түзүлүп, дирекциянын ишине карата каржылык жактан катуу сын айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG