Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Керри: Газада ок атышууну токтотуу аракетинде жылыш бар


АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри бул тууралуу Иерусалимде БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун менен жолуккан соң айтты.

Керри белгилегендей, анын Израил менен ХАМАС кыймылынын ортосундагы урушту токтотуу аракетинде “айрым жылыштар”, ошону менен бирге али “иштөөнү талап кылган” маселелер да бар.

Бүгүн Израилге келгенге чейин Керри Египетте болуп, ок атышууну токтотуу сунушу боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн айткан эле.

Аймактагы сапары Газадагы уруш токторуна алып барат деген үмүттө турганын БУУ Баш катчысы Пан Ги Мун билдирди.

Израил менен Палестинанын Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылынын эки аптадан берки согушунан кеминде 609 палестиналыктын өмүрү кыйылды. Алардын көпчүлүгү жайкын тургундар.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллай бүгүн чукул кеңешмеде сүйлөп жатып:

- Газада акыркы 16 күндө 147 баланын өмүрү кыйылды. Алар башка өлкөлөрдөгү балдардай эле жашоого укуктуу болчу. Балдардын өлүмү чабуул жасоодо айырмалоо, пропорционалдуулук жана этияттык принциптеринин сакталышы боюнча камтамачылык жаратууда.

Нави Пиллай өз сөзүндө Израил Газада аскерий кылмыш жасап жатуусу мүмкүндүгүн да айтып өттү.

Жөөт өкмөтү Газадагы операциясын ХАМАСтын ракета атууларынан коргонуу чарасы катары түшүндүрүүдө. Алар операция учурунда 27 жоокерин жана эки тургунун жоготту. (UE)

XS
SM
MD
LG