Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Футбол: Кыргызстандын курамасы беш жолдоштук беттешүү өткөрөт


Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы быйылкы жылдын аягына чейин 5 жолдоштук беттешүү өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Мирлан Айтаалы билдирди.

5-сентябрда жолдоштук оюндарды Астанада Казакстандын курамасы менен баштайт. 2012-жылдын 1-июнунда командалар Алматыда жолдоштук таймаш өткөрүп, оюн эсеби 5:2 менен «талаа ээлеринин» пайдасына чечилген.

10-октябрда кыргызстандык футболчулар Ооганстандын оюнчулары менен жолугушат. Азыр бул оюнду Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өткөрүү тууралуу сүйлөшүү жүрүүдө. Бул оюн футбол тарыхында оогандыктарды биринчи кабыл алуу болуп саналарын Мирлан Айтаалы билдирди.

10-ноябрга Эстония курамасы менен жолдоштук беттеш макулдашылды. Ал оюн да Кыргызстанда өтмөкчү.

Быйылкы жылды улуттук курама кытайлык команда менен эки жолдоштук беттеш өткөрүү менен жабат. Ал оюндар 13-17-декабрда Кытайда өтөт. (КМа)

XS
SM
MD
LG