Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Европа өнүктүрүү банкы Орусияга инвестиция берүүнү токтотот


Банктын директорлор кеңеши шаршембиде ушундай чечим кабыл алды. Бул кадам Москванын чыгыш Украинадагы жикчилерди колдоп жатышынан улам жасалды. Орусияга насыя берүүнү токтотуу чакырыгы буга чейин Евробиримдик жана Европа инвестициялык банкы тарабынан сунушталган.

Еврокомиссиянын энергетика секторун көзөмөлдөө боюнча өкүлү Гюнтер Эттинген Еврокеңеш Орусияга Арктикадагы мунай жана газды иштетүү боюнча да техникалык колдоо көрсөтпөшү зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, Москва Украинадагы тынчтыкты калыбына келтирүүгө жардам бермейинче бул чектөө улана берет. (SE)

XS
SM
MD
LG