Облустук Ички иштер башкармалыгы ушул аптада өткөргөн атайын рейддин жүрүшүндө 81 гектар жердеги жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Быйыл 6 ай ичинде аймакта 198 000 гектардан ашуун жапайы кара куурай өскөн жер аныкталды. Анын ичинен 40 000 гектардан көбү “Мак-2014” операциясы аркылуу жок кылынды. (MK)