Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Чолпон-Атада Борбор Азия жаштары аймак көйгөйлөрүн талкуулоодо


Семинар катышуучулары, Ысык-Көл, 23-июль, 2014-ж.
Семинар катышуучулары, Ысык-Көл, 23-июль, 2014-ж.

«XXI кылымдын жаштары. Дебат жана медиа продукция чыгаруу» семинарына Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандын түрдүү аймактарынан 40 улан-кыз чогулган. Бул тууралуу иш-чаранын уюштурган Эл аралык билим берүүчү дебат бирикмесинин Борбор Азиядагы бөлүмүнүн (IDEA-CA) медиа-координатору Айзада Токтогулова “Азаттыкка” билдирди:

- Төрт мамлекеттин жаштарын бириктирген семинар 20-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында башталган. Эки апталык иш-чарада жаштар өз мамлекетиндеги кайсы бир маселени чечүүгө салым кошуучу медиа-продуктуларды даярдоону үйрөнүшөт.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жарандык журналистика, репортаж даярдоо жана дебат боюнча теориялык маалымат алып, аны иш жүзүндө колдонушат. Ар бир окуучу семинардын жыйынтыгында өзүнүн медиа-долбоорун түзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG