Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:30

Юрмала-2014: Кыргызстандык Style Mix азырынча онунчу орунда


Латвиянын Юрмала шаарында өтүп жаткан "Жаңы толкун" эл аралык музыкалык фестивалында кыргызстандык Style Mix тобу кечээ алгачкы сынакта 10-орунга илинди. Дүйнөлүк хит ырларды аткаруу сынагында алар 61 упай топтоп, 16 катышуучунун арасынан онунчу болду.

Эми алдыда дагы эки сынак бар. Музыканттар өз өлкөсүндөгү белгилүү чыгармалардан бирди жана өз репертуарындагы жаңы бир ырын аткарып берүүсү керек.

"Новая волнага" бул жолу 10 өлкөдөн 16 конкурсант катышууда. 22-июлда башталган сынак 27-июлда жыйынтыкталат.

Кыргызстандык команданы сүрөөнгө алып туруу үчүн Юрмалага Style Mix менен кошо ырчылар Анжелика, Омар жана Арген да барган. (RK)

XS
SM
MD
LG