Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев бүгүнкү брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, Ооганстандан НАТОнун коалициялык күчтөрү чыгарылган соң Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугу үчүн коркунуч туулушу мүмкүн. Учурда президенттик шайлоого байланыштуу Ооганстандагы абалдын олку-солку болуп турганын эске салган Алымкожоев бул коркунучтарга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында каршы туруу мүмкүн экенин белгиледи.
Кыргызстанда 29-июлдан 1-августка чейин ЖККУнун “Майтарылгыс боордоштук” аттуу аскерий машыгуусу өткөнү жатат. (BkA)