Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Султан Жумагулов КТРКнын жаңы жетекчисинин милдетин аткарат


Султан Жумагулов. 2013-ж.
Султан Жумагулов. 2013-ж.

КТРКнын Байкоочу кеңеши бүгүн Султан Жумагуловду коомдук сыналгы жана үналгы корпорациянын Башкы директорунун милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ал 1-августтан тарта бул жумушка киришет. Бул тууралуу "Азаттыкка" Байкоочу кеңештин төрагасы Илим Карыпбеков билдирди.

Бүгүн саал мурдараак мекеменин директору Кубат Оторбаев өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган. Оторбаев быйыл декабрь айында директорлук мөөнөтү бүтөөрүн белгилеп, ага чейин Байкоочу Кеңешке жаңы жетекчини тандоого мүмкүндүк берүү үчүн ушундай кадамга барганын билдирген.

Жетекчилик кызматка жаңы шайланган Султан Жумагулов өткөн жылдын ноябрынан тарта ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясын башкарып келаткан болчу. Ал 2010-2013-жылдары "Азаттык" үналгысынын Бишкек бюросун жетектеген, андан бир нече жыл мурда Би-Би-Си Кыргыз кызматынын жергиликтүү кабарчысы да болгон.

Жакынкы 2-3 айдын ичинде КТРКнын болочокку директорун шайлоо өнөктүгү жүргүзүлмөкчү. (SE)

XS
SM
MD
LG