Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

Газадагы БУУнун мектебине Израилдин снаряды тийди


Газа секторунун түндүгүндөгү Улуттар уюмунун мектебине Израилдин танкы аткан снаряд келип тийди. Палестин бийликтеринин айтымында, соккудан кеминде 15 адам жана мектепте баш калкалаган көптөгөн газалыктар жарадар болду. Газанын саламаттык кызматынын өкүлү Ашраф ал-Кидранын билдиришинче, мектепте уруштан баш калкалаган жүздөгөн адамдар болгон. Франс пресс агенттигине БУУнун атын атагысы келбеген өкүлү танк чабуулунан ондогон адамдар өлгөнүн жана жараат алганын тастыктаган.

БУУнун Чукул кырдаалдар боюнча координатору Валери Амос бүгүн Токиодогу эл аралык конференцияда сүйлөп, Газа тилкесиндеги катаал кырдаал ого бетер начарлоосуна жол бербөө үчүн урушту токтотуу маанилүү деген жана Газадагы кырдаалды “өтө эле жаман” деп мүнөздөгөн.

16 күн мурда Газага Израил авиациясы сокку ура баштагандан бери кеми 720 палестин, 34 жөөт курман болду.

XS
SM
MD
LG