Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:42

Малиде кыйраган Алжир учагынын сыныктары табылды


24-июлда кыйроого кабылган учактын бортунда алгач 119 адам бар экени кабарланган болчу. Кийинчерек учуп бараткандар 116 киши экени такталды.

Air Algerie ("Эйр Алжерия") компаниясына таандык "Макдоннелл Дуглас- MD-83" учагы Буркина-Фасодон Алжирге сапар алган кезде кыйрады. Алдын ала маалыматтарга ылайык, экипаждын 7 мүчөсү жана жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Учактагылардын 51и Франциянын, 25и Буркина-Фасонун, ошондой эле Орусиянын, Ливандын, Алжирдин жана Германиянын жарандары эле.

Алжирдин Транспорт министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, авиакырсык Мали аймагында болгон. Авиалайнер Малинин түндүк бөлүгүндө учуп бараткан учурда диспетчер алдыда келаткан башка учак менен кагышып кетпөөнү эскертип, курсту алмаштырууну буйруган. Айрым маалыматтарда учкуч катаал аба ырайына байланыштуу учактын багытын өзгөрткөнү жазылууда. Авиалайнер жерден көтөрүлгөндөн кийин бир саат өтпөй эле радарда көрүнбөй калган. (SE)

XS
SM
MD
LG