Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

АКШ жаранынын арызын кароону сот кийинкиге калтырды


Бейбаштыкка айыпталып соттолгон АКШ жараны Мекрей Брендон Корнелиустун (Mccrea Branden Cornelius) арызы Бишкек шаардык сотунда 30-июлда каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады. Анын айтымында, буга чейин Корнелиусту Бишкектин Свердлов райондук соту 4 жылга эркинен ажыраткан. Бирок ал тагылган айыпка макул болбой, шаардык сотко арыз менен кайрылган. Анын арызы бүгүн каралмак, бирок соттук коллегия мүчөлөрү толук болбогондуктан, убактысы өзгөрдү.

“Манас” аба майданындагы АКШнын транзиттик борборунун кызматкери, 29 жаштагы Мекрей Брендон Корнелиус ушул жылдын 9-мартында Бишкекте 22 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылды деп кармалган. Кармоо учурунда ал милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөнү айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG